Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.04.2016 10:23

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Д.Суранбаева үйүн ичи-сырты менен гүлгө толтурду (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 73 жаштагы тургуну Дарья Суранбаева кичине кезинен тартып гүл өстүрүүнү баштаган. Кийин гүл өстүрүү боюнча чебер адистигине да ээ болду. Д.Суранбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал үй шартындагы гүлдөн сырткары короого гүлдүн түрүн өстүрүүнү жактырат.

«Короодо канча гүлдүн түрдүү сорту бар экенин санаган эмесмин. Абдан көп. Ар бир гүл жаздан баштап, кеч күзгө чейин 15 күн сайын гүл ачып, короомду көрккө бөлөп турат. Жазында алгач гиацинт гүлүнүн 5тен ашык, тюльпан менен нарцисстин 10дон ашык түрү гүл ачып баштайт», - дейт Д.Суранбаева.

Ал гүлдүн ар кандай сортторун чет өлкөдөн буюртма менен алдырат.

«Үйгө келген адамдар жайы менен гүлдөп турган гүлдөрдү көрүп абдан суктанышат. Мунун барын өстүрүү үчүн көптөгөн эмгек талап кылынат», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×