Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Элдик уламыш: Соку-Таштын тургундары айылдагы таштын касиетине бекем ишенет (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылынын аталышы жөнүндө кызыктуу маалыматтар айтылып келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айылдын аталышы жөнүндө жергиликтүү тургундардан маалымат алды.

Жашоочулардын айтымында, айылда эл колдонгон сокуга окшош таш бар. Айылдыктар үчүн айылдагы таш ыйык жер катары саналып келет. Айылдыктар Жараткандын кудурети менен Соку-Таш ата бизди сактап турат деп көп айтышат. Анткени 1994-жылдары Ачы өрөөнүндө көчкү жүрүп, бир топ айылдар жапа чеккен. Бирок бул айылдагылар табигый кырсыктардан жапа чеккен эмес. Алар мунун бары Соку-Таш атанын кудурети деп билишет.

Айылдыктар жакынкы эле жылдары такыр жамгыр жаабай калганда Соку-Таш атага атага барып, түлөө өткөрүшкөн. Андан кийин 3 күн жамгыр жааганы айтылат.

Айылдыктар ырастагандай, ал ташты жаз мезгилинде кээде жыландар курчап калышат. Мындан улам бул жерде алтын бар болгондуктан жыландар жердейт деген кептер айтылып жүрөт.

Бир кылым мурда ал таштын түбүндө алтын болушу мүмкүн деген кабарды угушуп, башка аймактан 5 адам келет. Алар таштын айланасын түнү менен казыып чыгат. 5 адамдын бири молдо болгондуктан түнү менен намаз окуп, куран окуп турат. Алар алтынга жеткиче таң атып, белгисиз себептерден улам бешөө тең ошол жерде жан бергендиги айтылат. Таш бир аз оодарылып турган абалда он жылдай турган. Андан кийин айылдыктар түлөө өткөрүп, ташты ордуна коюшкан.

Алтын бекитилген деп айтылган таштын сокусун 1917-1920-жылдары орус аскерлери сазга ыргытып жиберишкен. Бирок айыл эли ошол ташка болгон өзгөчө мамилелерин дагы эле улантып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5299
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×