Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАксы району 04.04.2016 13:21

Аксыдагы колледжге Турсунбек Бекболотовдун ысымы ыйгарылды

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аксыдагы колледжине эмгеги сиңген мугалим Турсунбек Бекболотовдун ысымы ыйгарылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Иш-чарага ЖАМУнун ректору Акунжан Абдрашев жана Жалал-Абад облусундагы окуу жайлардын директорлору катышты.

Белгилүү болгондой, мындан ары Турсунбек Бекболотов атындагы Аксы колледжинин алдыңкы студенттерине Т.Бекболотовдун үй-бүлөсүнүн атынан стипендия берилип турат.

Учурда колледжде 400 студент билим алса, 22 педогог билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×