Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.04.2016 13:13

Аксылык балбан өлкө биринчилигине катышууга жолдомо утту

Turmush -  Аксылык балбан өлкө биринчилигине катышууга жолдомо утту, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кочкор-Ата шаарында өткөн эркин күрөш боюнча облустук мелдеште Аксы районунун тургуну Айбек уулу Усубалы алдыңкы орунду ээледи. Турнирге жалпысынан 10 салмак категорияда 250 балбан катышып, Аксы районунан 7 балбан барган.

Жолдомо уткан балбан Кербен шаарындагы спорт клубдардын биринде 7 жылдан бери машыгып келет. Машыктыруучусу Нурдөөлөт Мамев шакирти өлкө биринчилигинде да ийгиликтерге жетишээрине ишенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×