Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.04.2016 12:28

Айыл турмушу: Бишкек—Ош жолундагы тоолордон козу карын терүү иштери кызуу жүрүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жашоочулар козу карын терүү иштерин кызуу улантууда. Козу карындарды Бишкек—Ош унаа жолундагы тоолордун бадалдуу жерлеринен теребиз деди, өзүн Медер деп тааныштырган жергиликтүү тургун. Ал белгилегендей, терген козу карындардын 1 килограммын 100 сомдон сатып өткөрүшөт.

Мурда кыргыздар бул азыкка дээрлик көңүл бурбагандыктан алардын кардарлары жалаң орус улутунун өкүлдөрү болгон.

Азыркы учурда шаардагы калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн кыргыздар да козу карынды сатып ала баштады. Андан улам киреше мурдагыдан көбөйдү.

«Тоолордун тескей жагы чөптүү, күнгөйү таштактуу келет. Түнкүсүн жамгыр жаап, эртең менен күн ачылганда козу карындарды тескейден, чөптүн арасынан тапса болот. Бирок көпкө издегенге туура келет. Анткени алар сары түстөгү эски чөптүн арасынан байкалбай калат. Бир козу карын таап алгандан кийин анын айланасынан 5-6 козу карынды тапса болот. Бизде көк буттуу жана ак козу карындар өсөт», - деди Медер.

Ал белгилегендей, көк буттуу козу карын менен ак козу карынды алгач муздак суу менен тазалап, сууга аз убакытка чылап коюу зарыл. Андан соң 20-30 мүнөт кайнатылат.

«Бирок козу карынды жеген бир аз коркунучтуу болгондуктан биз аны 3 жолу кайнатабыз. Андан кийин өз фантазиябызга, табитибизге жараша пияз, картошка кошуп кууруп жейбиз. Айрыкча көк буттуу козу карындын ичи ширелүү келет.  Учурда козу карын терип сатуудан күнүмдүк турмуш-тиричиликке жете турган киреше таба алабыз», - деп кошумчалады 30 жаштагы Медер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×