Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.04.2016 11:41

Айыл турмушу: Базар-коргондук дыйкан күнөскананын санын күбөйтүүнү пландоодо (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагындагы Жон айылынын тургуну Кубат Үтүров үй-бүлөсү менен күнөскана иштетүү менен алектенет.

К.Үтүров Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алар 1 сотых жерге күнөскана куруп, учурда ал жерге бадыраң өстүрүп жатат.

«Күнөскананын курулушуна 200 миң сомдой каражат жумушалды. Мындай жумушту биринчи жолу жасап жаткандыгыбызга карабай бадыраңдар жакшы өсүп жатат. Үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүү максатында күнөскананын санын да көбөйтүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×