Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 02.04.2016 12:00

Ноокендеги чек арачылар кыргызстандык жаранды куралы менен кошо кармады

Turmush -  Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Шаркыратма жергесиндеги чек ара аймагында Кыргызстандын жараны кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, чек арачылар кечээ, 1-апрелде кыргызстандык жаранды ок атуучу курал менен кошо колго түшүргөн.

Кармалган жаран жанындагы аңчылык куралды колдонууга мыйзамдуу документ алганы менен чек ара аймагында жүрүүгө уруксат берилген эмес.
Тиешелүү мыйзам менен кармалган жаранга административдик айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×