Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 01.04.2016 19:20

Айыл турмушу: Ала-букалык балдар көлмөдөн бака кармап, элдик дарыгерлерге сатышат (фото, видео)

Turmush -  Ала-Бука районунун Жапалак-Сай айылындагы жаш балдар кароосуз калган көлмөлөрдүн боюнда бака кармап, аларды сатып өткөрүшөт.

Жергиликтүү балдар буюртма боюнча ар бир баканы көлөмүнө карап 50 сомдон 150 сомго чейин сатышат. Буюртмалар элдик табыптар жана жеке менчик ооруканалардан түшөт. Бул иш менен алектенгендердин айрымдары бака кармап сатып жаткандарын айтуудан уялышат.

Өзүн Даниел деп тааныштырган өспүрүм бала буюртма болуп калган күндөрү бул көлмөгө келип, бака кармап сатарын билдирди.

«Бизге буюртма түшүп калганда досторум менен келип, тор кайырмактар менен күнүнө 10го жакын бака кармап сатабыз. Акчасын бөлүшүп алып, өзүбүздүн керектөөбүзгө жумшайбыз. Айрым досторум бул иш менен алектенгенин ачыкка чыгаргысы кылбейт. Угушумча биз кармап жаткан бакалар богок сыяктуу айрым ооруларга дары экен. Буюртманы тааныштар аркылуу алабыз. Айрым учурларда суу жыландарга деле буюртма түшөт. Жыланды да ушул көлмөдөн кармаса болот», - дейт Даниел.

Балдар сатып жаткан бакалардын кандай дарылык касиети бар экенин билүү үчүн элдик дарыгерлерге кайрылдык.

92

Жойбелент айылынын тургуну Алымкан Абдувалиева кесиби боюнча дарыгер. 25 жылдан бери элдик медицина менен бейтаптарды өз үйүндө дарылап, табыпчылык кылат. Анын айтымында, богок, стресс сыяктуу ооруларга жана ысык өткөн бейтаптарга баканын дарылык касиети бар.

«Кашка бака көбүнчө богокко дары катары пайдаланылат. Аны тамакка тартып байлап, эки сааттан соң анын ичегисин алып, уй эти менен кошуп, көпкө кайнатып, шорпо кылып ичсе пайдасы жакшы. Айрым учурларда кашка баканы дары катары колдоном. Буюртма менен балдар бака кармап келип беришет. Дин өкүлдөрү баканын дарылык касиети бар болсо тамак-аш катары эмес, дары катары колдонууга мүмкүн экенин айтып жүрүшөт», - деди А.Абдувалиева.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×