Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 01.04.2016 08:16

«Жалал-Абад электрдин» имаратында өрт чыгып, буюмдар жана 1 тонна трансформатор майы күйдү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 1-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Бос айылындагы Дыйканбай Ата көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан «Жалал-Абад электр» ишканасынын имаратында өрт чыкты. Өрт учурунда трансформатор оңдоочу жайдын 160 чарчы метр аянты жана 1 трансформатор, 1 компьютер, 1 принтер, 1 кондиоционер, 4 эшик, 4 терезе, 1 тонна 200 литр трансформатор майы күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×