Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу 31.03.2016 11:50

Сузакта бир жыл мурда каракчылык кылмыштарды жасаган адамдар кармалды

Turmush -  Бир жыл мурун Сузактагы үйлөрдү түн ичинде тоноп кеткен 4 кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жалал-Абад ОИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 10-февралынан 11-февралга караган түнү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 25 жаштагы тургуну А.Н. жашаган үйгө  азиат улутундагы 4 адам кирип келип, үй ээсин коркутуп, акча талап кылышкан. Алар жабырлануучунун денесине жаракат келтирип качып кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган.

Ошол эле 4 адам 18-февралдан 19-февралга караган түнү Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө 1966-жылы туулган Н.У. аттуу адамдын үйүнө киришкен. Алар бет кап кийип алып, жабырлануучуну сабап, 127 миң сомун, 2050 АКШ долларын, аялына таандык болгон 300 миң сомдук алтын буюмдарын, эки даана уюлдук телефонун тоноп кетишкен.

Аталган фактылар боюнча Сузак РИИБ тарабынан кылмыш иш козголгон. Оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында бир жылдан кийин кылмышка шектүү 4 адам кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×