Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 31.03.2016 09:40

Токтогул райондук прокуратурасы мамлекеттин пайдасына 827 миң сом өндүрдү

Turmush -  Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан мамлекеттин пайдасына (жергиликтүү бюджетке) 827 миң 547 сом өндүрүлдү.

Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин айтымында, 2015-жылдын 19-мартында Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Чүй облусунун райондор аралык сотуна Токтогул шаардык мэриясынын пайдасына «Чүй УСМ» жабык акционердик коомунан 827 миң 547 сом өндүрүү боюнча доо арыз келтирилип, доо арыз толугу менен канааттандырылган. Андан кийин бул жарандык иш Чүй облустук сотунда каралып, 2016-жылдын 27-январдагы Чүй облустук сотунун аныктамасы менен 2015-жылдын 25-сентябрындагы Чүй райондор аралык сотунун чечими күчүндө калтырылган.

«Андыктан соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы болгондугуна байланыштуу, Токтогул шаардык мэриясына же жергиликтүү бюджеттин пайдасына 827 миң 547 сомду которуп алуу багытында ушул жылдын 14-мартында прокурордук акты келтирилип, жыйынтыгы менен аталган сумма толугу менен жергиликтүү бюджетке берилген. Бул акча каражаты социалдык муктаждыктарга колдонулат», - деди шаар мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×