Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.03.2016 18:24

Сузакта 31 жаштагы тургун өз ыктыяры менен ок атуучу куралды РИИБге тапшырды

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак РИИБ тарабынан жүргүзүлгөн «Нелегал» операциясынын негизинде курал кайтарылып алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, кечээ, 29-мартта иш-чаранын негизинде Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу Жар-Кыштак айылынын 31 жаштагы тургуну Сайдирахман Абдумаликов 28-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен РИИБге тапшырды.

Ал бул курал анын атасынан калгандыгын маалымдады.

Учурда текшерүүнү Сузак РИИБдин тергөө бөлүмү жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×