Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.03.2016 12:03

Токтогулда бакты сүзүп, 2 жаштагы жүргүнчүсү кошо каза болгон унаанын сүрөтү

Turmush -  Токтогул районундагы Торкент айылынын аймагында катталган жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркаганы маалымдалган. ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 29-мартта саат 13:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 297-чакырымында  «Тойота-Ист» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру В 46-50 АW) унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги даракты сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 жүргүнчү жабыркады. Окуя болгон жерде ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жардам көрсөттү.

Каза болгондор жана жараат алгандар Токтогул районунун тургундары болгон.

Каза болгондор:

1. 2014-жылы туулган Нурел Жылкыбаев;

2. 1982-жылы туулган Гүлзар Жолборсова;

Жаракат алгандар:

1. Унаанын ээси — 1980-жылы туулган Нурадил Сатыбалдиев;

2. 1999-жылы туулган Калыбек кызы Жаркынай;

3. 2007-жылы туулган Эмир Жылкыбаев.

5

4

3

2

1

Сүрөттөрдү окурман жөнөттү 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×