Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.03.2016 08:39

Айыл турмушу: Ала-букалык ишкер айым 3 миңдей окуучуну таттуулар менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ызар айылынын тургуну Асель Бекгелдиева мындан 7 жыл мурда айылга таттууларды бышыруучу атайын цех ачкан.

А.Бекгелдиева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, бүгүнкү күндө ал айылдык 6 аялды жумуш менен камсыздап, мектеп окуучулары үчүн шашке чайга шириндиктерди бышырат. Бул цехте нандын эки түрү, кекс, булочка сыяктуу таттуулар жасалат.

Ишкер айымдын айтымында, өндүрүлгөн продукциялар толугу менен мектептерге таратылат. «Биздин цех жыл сайын райондук билим берүү бөлүмү өткөргөн тендерге катышып, келишим боюнча күнүнө 3 миңге жакын мектеп окуучулары үчүн таттууларды даярдап, нан менен камсыздайбыз. Бул ишкердикти жолго салгыча кыйынчылыктар көп болуп, аларды чыдамкайлык менен жеңип чыктык», - деди А.Бекгелдиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×