Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 29.03.2016 14:35

Айыл турмушу: Ала-букалык 22 жаштагы К.Тургунов унаалардын тетиктеринен трактор жасады (фото, видео)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Келте айылынын 22 жаштагы тургуну Канатбек Тургунов ар кандай үлгүдөгү унаалардын тетиктерин чогултуп, трактор жасап чыкты.

К.Тургунов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал «Жигули ВАЗ 2106» унаасынын кыймылдаткычын алып, жаңы унаага кошкон.

Ал эми коробкасы «Москвич» унаасына таандык. Алдыңкы дөңгөлөгү «Жигулиники» болсо, арткы дөңгөлөктөрү «УАЗ» унаасынан алынган. Бул унааны жасаганга дээрлик бир ай убакыт кеткен.

К.Тургунов райондогу кесиптик лицейден инженер-механик боюнча билим алып, алган билимин практика жүзүндө далилдөө максатында унаа жасаган. Үйүндө айыл чарба техникаларын оңдоо менен алектенет.

«Кечинекей кезимден бери техникага жакын өстүм. Атам тракторист-механик. Ата кесибин улантуу үчүн бул жаатта билим алып, унаа жасоо тилегимди жүзөгө ашырдым. Бул менин алгачкы жасаган унаам. Унааларды жасоону улантам», - деди ал.

Анын жасаган унаасына кызыккандар күн санап өсүп жатканын атасы белгилеп, уулунун эмгегин сыймыктануу менен айтууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×