Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 28.03.2016 16:30

Жалал-Абадда «Балдарга китеп белек кыл!» фестивалынын алкагында кыргызча китептердин жарманкеси өтөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Балдарга китеп белек кыл!» аталыштагы китеп фестивалы өтөт, деп маалымдалды Turmush басылмасынын кабарчысына облустук китепканадан.

Берилген маалыматка ылайык, 2-апрель — Балдар китебинин эл аралык күнүнө карата 1-апрель күнү «Кыргыз китеп» дүкөнүнүн ачылыш аземи өткөрүлөт. Мындан тышкары облустук китепканада «Балдарга китеп белек кыл!» фестивалынын алкагында кыргызча китептердин жарманкеси уюштурулат.

Каалоочуларга жомок китептерди жана көркөм адабияттарды арзан баада сатып алууга шарт түзүлөт.

Ошол эле күнү китепканада балдар үчүн «Жылдыздар китеп окушат» аталыштагы жомок кечеси өтүп, маданий кызматкерлер балдарга китептерди көркөм окуп беришет. Андан соң балдар үчүн «Мыкты жомок», «Китеп жөнүндө жазылган ыр», «Китеп балдардын көзү менен» темасында сүрөт сынактары өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×