Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.03.2016 16:26

Жалал-Абаддан борборго качкан 17 жаштагы Назбийке ата-энесине эч кандай доосу жок экени тууралуу тосмо арыз жазды

Turmush -  Ата-энесинин ур-токмогуна кабылганы тууралуу айткан 17 жаштагы Назбийкенин окуясы боюнча козголгон кылмыш иши жакынкы күндөрү аягына чыгат. Бул тууралуу маалымат Сузак РИИБден алынды.

Ата-энемдин ур-токмогуна чыдабай, Жалал-Абаддан Бишкекке качып келдим деген Назбийке Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы №2 мектепте 11–класста окуйт. Ал учурда ата-энесине эч кандай доосу жок экени тууралуу тосмо арыз жазганы айтылууда.

Сузак РИИБден тергөө амалы аяктоо алдында турганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен гана маалымат берилерин билдиришти.

Окуя тууралуу:

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак айылынын 17 жаштагы тургуну Назбийке ата-энесинин көрсөткөн зордук-зомбулугуна чыдабай ушул жылдын февраль айында Бишкекке экинчи ирет качып келген.

Назбийке буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, апасы аны «бул кыздын ичине жиндер кирип кеткен» деген жүйөө менен көзү ачык, бакшыларга алып бара баштаган. Ал эми бакшылар түрдүү божомолдорду айтуу менен Назбийкени коркута беришчү.

Апасынын бул аракеттерине каршылык көрсөткөн кыз мурдатан эле ата-энесинин ур-токмок, жемелерин кол телефонуна түшүрүп, сактап жүргөн. Муну билип калган ата-эне аны катуу токмокко алган.

Назбийке өткөн жылдын декабрь айында да үйүнөн качып, Бишкек шаарына келген. Апасынын алыс туугандарын таап, алардын үйүндө жашап жаткан.

«Алар тигүү цехинде иштегендерге тамак даярдап бергени үчүн жардам берип жүргөм. Бирок, апам мага чалып алып «сен сойкуканада иштейт экенсин деген жаман сөздөр менен жемеледи», - деген Назбийке Бишкек шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө кайрылып, ал жерден балдар үйүнө өткөрүлгөн. Бирок апасы келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кайрадан үйүнө кайтарылган.

Назбийке белгилегендей, үйүнө баргандан кийин ата-энеси анын качып кеткендиги үчүн мурдагыдан да күбөрөөк жемелеп, зордук-зомбулук күчөгөн. Мындан улам кайрадан качып келүүгө мажбур болгон.

Ал эми Назбийкенин Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы ата-энеси ушул жылдын 4-февралында кызын ур-токмокко алганын четке каккан.

Назбийкенин 45 жаштагы апасы Айнура Жаркынбаеванын айтымында, Назбийке бул ирет үйдөн төртүнчү жолу качып кетип жатат. Анын жүрүм-туруму былтыркы жылдын жай мезгилинен тарта өзгөрүп баштаган, уюлдук телефон менен көп сүйлөшчү. Биринчи жолу жай мезгилинде Ошко качып кетип, аны кайра таап келишкен.

106

«Экинчи жолу качканда мен Россияда болчумун. 10-ноябрда Россияга кеткем, 12-декабрда кайра кайтып келдим. Мен кеткенден кийин да мончого барып келем деген бойдон качып кетиптир. Атасы мага байланышып "Назбийкенин дайынсыз болгонуна 12 күн болду, таба албай жатабыз" деди. Кайрадан кайтып келип, Оштон, Жалал-Абаддан издедим, кыйналып издеп, сураштырып жүргөнүмдү эстеп калгандар, мени сыналгыдан көргөндөр болсо айтат болушу керек. Үчүнчү жолу быйылкы жылдын 26-январында мектепке кеткен бойдон качып, келген жок. Эртеси 27-январда милицияга кабар берип, ошол күнү кечинде таап беришти. Үчүнчү жолкусунда жаңы кийим-кечектерин алып, үйдүн терезеси аркылуу качып кетиптир. Табылган күнү кызым "кийимдеримди Оштогу унаа токтотуучу жайдагы бир унаага таштап келген элем" деди. 28-январда уулумду көтөрүп алып, атасы менен Жалал-Абад шаарына барып, кызым айткан унааны издедик. Издей берип чарчадык. Барыбыз тамактандык, мен базарга кирип чыга калайын деп Назбийкеге колумдагы баланы карматып, базарга кирип кеткем. Атасы унаабыздын жанында туруп, ары көздөй басып кеткен экен. Кызым Назбийке инисин унаага таштап, унаанын ачкычын бейтааныш бирөөгө берип, өзү качып кетиптир. Ошол бойдон көргөн жокмун», - дейт Айнура Жаркынбаева.

Анын айтымында, буга чейин үч жолу качкандыгын милицияга айтышкан эмес. Себеби Назбийке кимдир бирөөлөр билсе өз өмүрүнө кол салаарын да айтып коркутчу. Кызы дайыма уюлдук телефондон бирөөлөр менен «байкелеп» көп сүйлөшкөнүн жана кызын жоготуп алуудан корккондуктан аны тилдебегенин белгиледи.

 «Экинчи жолу качканда көп күн жоголуп кетти, ура турган болсом ошондо эле урмакмын. Кызымдын токмоктолгон денесин көрдүм, жүрөгүм ооруду. Кайсыл ата-эне ошентип өз канынан жаралган баланы токмоктойт? Мен кызымды акыркы күндөрү тааныбай калдым. Өз атасын өгөй атага чыгарыптыр», - дейт эне.

Анын пикиринде, кызын кимдир-бирөөлөр азгырып жатат. Бишкекте тууганыбыз деп жаткандардын бизге эч кандай тууганчылык жайы жок. Кызды үйүбүзгө батырдык деген атуулдар кызын пайдаланып жатканын билдирди.

«Акыркы жолу качып барган үйгө мен баргам. Кең далылуу келген үч эркек көргөм. Алар милицияга Назбийкенин тууганыбыз дешкен, бирок менин андай тууганым жок экенин айткам. Алардын азгырыгы менен кызым аларга кайрадан качып кетип калды. Мен кызымды үйгө кайтып келүүгө чакырам. Эгер келүүдөн баш тартса, анда кайда жүрсө дагы аман-эсен болушун тилейм», - дейт энеси. 

Назбийке ата-энеси ичимдик ичерин да айткан, бирок апасы 9 жылдан бери намаз окуй тургандыгын жана атасынын ашказаны ооругандыгына байланыштуу ичимдиктен алыс экендигин айтты. Ал эми атасы Кудайберди Маматов кызына бир да жолу колу тийбегендигин белгиледи.

Назбийке учурда Бишкектеги реабилитациялык борборго жайгаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×