Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 2015-жылы кургак учук оорусунан 54 адам каза болгон, - дарыгер Б.Кадырова

Turmush -  Кургак учукту – социалдык оору деп айтууга болот. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтмында, ооруну жуктургандардын, каза болгондордун саны азайып жатат. Кургак учук менен 2015-жылы 868 адам жабыркаса, 2014-жылы 948 адам табылган. Ал эми өтүшүп кеткен түрү менен өткөн жылы 7 адам жабыркаса, 2014-жылы 13 адамга жеткен. Кургак учуктан каза болгон адамдардын саны да азаюуда. Бул оорудан 2015-жылы 54 адам каза болсо, мурдагы жылы 62 адам каза болгон.

2014-жылы кургак учук менен ооруган 60 бала катталса, 2015-жылы алардын саны 107 балага жетти.

«Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 370 орун бар. Бул жердеги бейтаптын бир күндүк тамагына 93 сом, дарысына 63 сом өлчөмүндөгү каражат мамлекеттен бөлүнөт. Ал эми дарылар акысыз берилет», - деди Б.Кадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1299
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×