Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 26.03.2016 13:05

Таш-Көмүрдө «Хизб ут-Тахрир» уюмуна байланышы бар деп шектелген 5 адамдын үйүнөн далил буюмдар алынды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын аймагында каттоодо турган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган жана бул уюмга байланышы бар деп шектелген 5 адамдын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү.

ОИИБдин басма сөз кызматы 26-мартта маалымдагандай, тинтүү иштери облустун аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында жана Таш-Көмүр шаардык сотунун тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген токтомунун негизинде жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда мыйзамсыз буюмдарды жашырууга аракет кылгандар жарандар да кездешти. Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видео кассеталар, видео дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор, компьютерлер күбөлөрдүн (кошуналары, жакын туугандары, айыл башчылары) катышуусунда алынды.

Топтолгон материалдар Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрөлүп берилди. Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 2015-жылы 3 атуул бул диний экстремисттик уюмдан чыккандыгын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×