Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.03.2016 11:04

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Turmush -  Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-мартта саат 06:36да күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүккө карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышты карай 35 чакырымда болгон.

Жер титирөө Сары-Булак, Таран-Базар айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×