Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жыйынтыкталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 24-февралдан 24-мартка чейин жарыяланган кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда улуттук «Ден соолук» программасы иштеп жатат.

Программанын приоритеттүү 4 тармагы бар, анын бири кургак учукка каршы күрөшүү болуп саналат.

Акыркы мезгилде кургак учук менен ооругандардын саны азайып жаткандыгы иш жүзүндө байкалууда.

«Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында дарыгерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен элге бул дарттын алдын алуу, андан толук айыгып кетүү үчүн кандай шарттарды сактоо керектиги боюнча толук маалыматтар берилди. Кургак учукту азыркы замандагы дары-дармектердин жардамы менен 100%га дарыласа болот. Мунун шарттары бар. Эгерде оорулуу өз убагында келип, дарыгердин айткан көрсөтмөсүн аткарып, режимди бузбай, ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болсо, жакшы жыйынтыкка жетише алат. Оору жугуштуу болгондуктан бул илдетке чалдыкпайм деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул 1 айлыкта кургак учуктун алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү», - деди М.Миянов.

Ал белгилегендей, Жалал-Абад шаарында кургак учукка каршы күрөшүүгө билим берүү тармагы, эл аралык уюмдар жакындан жардам берүүдө.

Кургак учук менен ооругандар дарылангандан кийин дени сак адамдар менен чогуу жүрүп, коомго аралашууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1915
Көп окулду
×