Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.03.2016 14:46

Кара-Көлдөгү өрт өчүрүүчүлөр окуучуларга кырсыктан сактанууну үйрөтүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-мартта Кара-Көл шаарындагы орто мектептердин окуучуларына өзгөчө кырдал катталган учурда жасала турган биринчи кадамдар тууралуу окуу өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Окууну ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы Азатбек Абдураимов, шаардык өрткө каршы кызматынын өкүлү Кыялбек Рыскулов жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Диляра Молдобаевалар өткөрүштү.

Окуу учурунда кырсык катталган учурда биринчи кайсыл органга кайрылуу керектиги жана өздөрүн алып жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү.

«Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн дээрлик 90%ы жыгачтан жасалгандыктан жашоочулар электр энергиясын колдонууда өздөрүнө так жана сергек болушу керек. Эгер узак убакытта үйдө жок болгон жарандар, үйүндө электр энергиясын өчүрүп кетиши зарыл. Ошондой эле, ар бир үйдө өрт өчүргүч болсо абдан жакшы. Аны Ош шаарынан атайын сатып алса болот. Ал тургай ар бир унаада болушу шарт. Өрт өчүргүчтү ар бир 6 ай 1 жылда жаңыртып, ичиндеги суюк түрдөгү порошокту жаңылап туруу керек», - деп түшүндүрдү Өрткө каршы кызматтын өкүлү К.Рыскулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×