Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.03.2016 09:46

Сузактын Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу жоюлду, - ӨКМ

Turmush -  Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу жоюлду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 25-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-мартта Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында саат 08:30 чамасында жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү 52 миң метр кубду түзгөн.

«Суу каптоо коркунучун алдын алуу максатында, жер көчкүнү тазалап, суунун нугун буруу иш-чаралары 24-мартта жүргүзүлуп бүткөрүлдү. Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу жоюлган. 18 үйдө электр энергиясы жарыгы берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×