Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 24.03.2016 08:50

Жер көчкү түшкөн Сузакта 55 кожолукту суу каптоо коркунучу бар, - ӨКМ

Turmush -  Кечээ, 23-мартта Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында саат 08:30 чамасында жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү 52 миң метр кубду түзөт. Азыркы убакта 18 үйдө электр энергиясы жок. 300 метр электр зымы, 5 электр мамычасы жер көчкү астында калган.

ӨКМдин басма сөз кызматы 24-мартта билдиргендей, секундасына 30-40 литр көлөмдө агып жаткан сууну жер көчкү тосуп калган. Эгерде бул суунун нугун ачуу чаралары көрүлбөсө, Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу бар.

Алмалуу-Булак айылы кооптуу аймак болгондуктан, жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү боюнча 1994-жылдан 2015-жылга чейин 78 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссудаларын жана жер тилкелерин алышып, анын ичинен 5 гана үй-бүлө көчүп чыккан, 73 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин көчпөй, мыйзамсыз жашап келе жатат.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийликтерге кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды көчүрүп чыгарып кетүү боюнча жыл сайын атайын эскертмелер берилип, жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

«Суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борбору тарабынан 1 эксковатор, Кызыл-Туу айыл аймагы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, жалпысы 2500 метр куб жер көчкү тазаланды. Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери, жер көчкү тазаланып бүткөндөн кийин жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×