Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.03.2016 18:33

Фото - Сузакта түшкөн жер көчкүдөн улам сай жабылып, суу каптоо коркунучу жаралууда

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн айылдагы ички чарбалык жол жана сай жабылып, сайдан агып келген суу топтолууда, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Айылдыктар эгер бир эки күн жамгыр жай турган болсо, көчкүгө жакын жайгашкан үйлөрдү суу каптоосу мүмкүндүгүн айтып кабатыр болушууда.

Бул айылга өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баштаган бийлик өкүлдөрү келип, 52 миң метр куб түшкөн жер көчкүдө топтолуп жаткан сууну агызуу, сууну нугуна салуу кадамдары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүштү.

З техника тартыла турган болду. Учурда аймакка бир техника барды. Айылда Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстан Асанов, акимдин орун басары
Төрөгелди Түркбаевдер топтолуп жаткан сууну агызуу аракетин көрүшүүдө.

Алмалуу-Булак айылынын айыл башчысы Узакбай Кармышаковдун айтымында, бул айылда 1994-жылы көчкү жүрүп, үйлөрдү басып, 6 жашоочунун өмүрүн алган болчу. Ошол жылдары айылда 300 түтүн болсо, учурда 147 түтүнү гана калган. Бул айыл кооптуу аймак катары каттоодо турат.

«Мен 1999-жылдан бери айыл башчы болуп иштеп келе жатам. Айыл жашоочуларына кооптуу аймактан көчүү керектигин эскертип эле келе жатам. Былтыркы жылы да жазында, күзүндө эскертмелер берилген», - дейт ал.

Жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, алар айылга көнүп калгандыктан көчкүлөрү келбейт. Айыл мал-жандыктарды кармоого ыңгайлуу болгондуктан да ылдыйкы аймакка көчө беришпейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×