Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.03.2016 14:26

Сузакта көчкү жүрүп, 18 турак үй жарыксыз калды, 20 үй суу каптоо коркунучунда (фото)

Turmush -  Сузак районунда бүгүн, 23-мартта саат 08:20лар чамасында алдын ала маалымат боюнча Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында 52000 метр куб жер көчкү жүрүп, натыйжада 5 электр мамычасын авариялык абалга келтирди жана Алмалуу-Булак суусун жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Алмалуу-Булак айылында 18 турак үй электр жарыгысыз калды жана 20 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу бар.

«Аталган турак үйлөрдүн жашоочуларына ӨКМ тарабынан коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча корутунду берилген. Райондук комиссия тарабынан авариялык калыбына келтирүү иштерине техника жана күйүүчү майлар каралууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×