Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.03.2016 13:43

Кара-Көлдө мугалимдер арасындагы «Ден соолук - 2016» спартакиадасы жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында облустук мугалимдер арасында өткөн «Ден соолук - 2016» спартакиадасы жыйынтыкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземине шаардын вице-мэри Гулмира Сатарова, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Кубанычбек Мурзакматов, Жалал-Абад облустук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, улуттук даражадагы калыс Гүлмира Жаркынбаева жана башка кызматкерлер, жетекчилер катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 10 команданын ичинен спорттун беш түрү боюнча ат салышып, командалык 1-орунду Жалал-Абад шаары, 2-орунду Токтогул району, 3-орунду Аксы районунан келген мугалимдер ээлешти. Жеңүүчүлөр Кубок, диплом, грамота, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, спартакиада Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлдү. Кийинки жылы мугалимдер арасындагы спартакиада Токтогул шаарында өтмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×