Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.03.2016 18:18

Өзбекстандын чек арачылары кирген Аксынын аймагындагы элдин коопсуздугу көзөмөлдө, - ОИИБ

Turmush -  Аксы районунда өзбек чек арачылары аскер техникасын киргизген аймакка жакын жердеги айылдардын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Кербен—Ала-Бука жолунун 25-чакырымын эске албаганда абал туруктуу.

«Талаштуу аймакка жакын жердеги айылдын жашоочуларынын коопсуздугу толук көзөмөлгө алынууда. Аймактык милиция кызматкерлери тарабынан окуя орун алган чектеш аймакка жакын жердеги айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар эки мамлекеттин чек арага чектеш аймактарына мал-жандыктарын жаюуда сак болууга чакырууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×