Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.03.2016 14:04

Токтогулда 14 жаштагы кыздын зордукталышына себепкер болгон жеңеси 20 жылга кесилди (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Бел-Алды айылынын 14 жаштагы тургуну Самаранын зордукталышына себепкер болгон 1985-жылы туулган М.Кымбат күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү бүгүн, 18-мартта Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Мамыт Дүйшеев чыгарды.

«Соттун чыгарган өкүмүнө ыраазыбыз. Сот Кымбатты 20 жылга эркинен ажыратууга буйруду», - деди зордукталган кыздын апасы Г.Токтогазиева.

Ал эми бул ишке тиешеси бар деген Т.Азамат жана Ж.Максат учурда изделүүдө.

Күнөөлүү деп табылган М.Кымбат 1985-жылы Токтогул районунун Көкүрөк айылында туулган. 2013-жылы Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Сөгөт айылынын тургуну Тынчтыкбекке турмушка чыгып, 8 ай жашагандан кийин ажырашкан.

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 17-мартта Токтогул районунун Бел-Алды айылынын тургуну Гүлзада Токтогазиева үй-бүлө мүчөлөрү менен өспүрүм кызын зордуктаган адамдарга карата акыйкаттуу чечим чыгарып берүүнү өтүнүп, Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын алдына чогулган.

17

Г.Токтогазиеванын айтымында, учурда 9-класста окуп жаткан кызы Самараны Кымбат тааныштарына күч колдонуу менен зордуктаттырган.

Г.Токтогазиева

29

«2014-жылы 16-июлда 7-класста окуган кызымды Токтогул районундагы базарга жөнөткөм. Өзүбүз Бел-Алды айылында турабыз. Ал базарга барып, керектүү нерселерди алгандан кийин, атасынын бир тууган инисинин аялы Кымбат жеңесине жолугуп калат. Кызым мага телефон чалып, Кымбат жеңеси менен жолугуп, чогуу самса жегендерин айткан. Саат 13:00дөр чамасында кызым үйгө карай таксиге отуруп жөнөгөн. Кымбат жеңеси аны кайсы таксиге отурганын көрүп, өзүнүн Торкен деген айылына барып, кызыма телефон чалып, «үйгө кел, сени коноктойм, кайра таксиге салып жиберем», деп орто жолдон алып калат. Ал агасынын үйү экендигин айтып, кызымды Т.Азамат деген башка адамдын үйүнө алып барат. Ал үйдөн чогуу чай ичип олтурганда, спирт ичимдиктерин көтөрүп эки киши келген. Кызым кете берейин дегенине карабай, аны коркутуп, сыра аралашкан аракты ичиришип, мас кылышат. Андан соң көлгө түшүү үчүн Көдүл аймагына такси менен келишип, ал жерден кызымды сууга салышып, кайра кыйнап арак беришет. Кызым каршылык көрсөтүп, «үйгө кетем», десе жеңеси жаакка чаап, «сенден өчүмдү алам» деп, Т.Азаматты чакырып, кармап берип зордуктаттырган. Кызым качып жөнөгөндө Ж.Максат деген бала артынан кубалап, кызым жерге жыгылып, катуу чөп кулагына кирип кеткен. Ошентип кечки саат 6лар чамасында кызымды ооруканага алып барып, кулагынан чөптү алдырат. Ошентип кызымды кайра Торкендеги ээси жок үйгө алып келип, таң атканча ошол үйдө кармашат», - деп Г.Токтогазиева айтып берди.

Самара

33

Ал белгилегендей, бул ишти Токтогул райондук соту карап, акыйкат чечим чыгарып берген эмес. Кийин иш Жалал-Абад облустук сотуна өткөрүлүп, алар ишти Кара-Көл шаардык сотуна жөнөтүшкөн.

16

«Күнөөлөнүп жаткан 1974-жылы туулган Т.Азамат менен 1988-жылы туулган Ж.Максат бүгүнкү күндө эркиндикте жүрүшөт. Аларды кылмыш болгон жылы милиция кызматкерлери Бишкектен кармап келип, бир айга камашкан. Бирок, кайра бошотуп жиберишкен. Ошол кезде Токтогул райондук соту Бекешов деген киши эле», - деди Самаранын атасынын бир тууганы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×