Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.03.2016 12:56

Токтогулдук Г.Токтогазиева 14 жаштагы кызынын зордукталышына абысынын күнөөлөөдө (фото)

Turmush -  Кечээ, 17-мартта Токтогул районунун Бел-Алды айылынын тургуну Гүлзада Токтогазиева үй-бүлө мүчөлөрү менен өспүрүм кызын зордуктаган адамдарга карата акыйкаттуу чара көрүүнү өтүнүп, Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын алдына чогулушту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

17

Алар «Жашы жетелек Самаранын укугун мыйзам чегинде жактоону соттон суранабыз», «Кымбат М.мыкаачы!» деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Г.Токтогазиеванын айтымында, учурда 9-класста окуп жаткан 16 жаштагы кызы Самаранын мындан эки жыл мурун зордукталышына Кымбат аттуу абысыны күнөөлүү.

Г.Токтогазиева

29

«2014-жылы 16-июлда 7-класста окуган кызымды Токтогул районундагы базарга жөнөткөм. Өзүбүз Бел-Алды айылында турабыз. Ал базарга барып, керектүү нерселерди алгандан кийин, атасынын бир тууган инисинин аялы Кымбат жеңесине жолугуп калат. Кызым мага телефон чалып, Кымбат жеңеси менен жолугуп, чогуу самса жегенин айткан. Саат 13:00 чамасында кызым үйгө карай таксиге отуруп жөнөгөн. Кымбат жеңеси аны кайсы таксиге отурганын көрүп, өзүнүн Торкен деген айылына барып, кызыма телефон чалып, «үйгө кел, сени коноктойм, кайра таксиге салып жиберем», деп орто жолдон алып калат. Ал агасынын үйү экендигин айтып, кызымды А.Т. деген башка адамдын үйүнө алып барат. Ал үйдөн чогуу чай ичип отурганда, спирт ичимдиктерин көтөрүп эки киши келген. Кызым кете берейин дегенине карабай, аны коркутуп, сыра аралашкан аракты ичирип, мас кылышат. Андан соң көлгө түшүү үчүн Көдүл аймагына такси менен келип, ал жерден кызымды сууга салып, кайра кыйнап арак беришет. Кызым каршылык көрсөтүп, «үйгө кетем» десе жеңеси жаакка чаап, «сенден өчүмдү алам» деп айтып, А.Токтошовду чакырып, кармап берип зордуктаттырган.

Кызым качып жөнөгөндө М.Ж. деген бала артынан кубалап, кызым жерге жыгылып, катуу чөп кулагына кирип кеткен. Кечки саат 18:00 чамасында кызымды ооруканага алып барып, кулагынан чөптү алдырат. Кызымды кайра Торкендеги ээси жок үйгө алып келип, таң атканча ошол үйдө кармашкан», - деди Г.Токтогазиева.

Самара

33

Ал белгилегендей, бул ишти Токтогул райондук соту карап, акыйкат чечим чыгарып берген эмес. Кийин иш Жалал-Абад облустук сотуна өткөрүлүп, алар ишти Кара-Көл шаардык сотуна жөнөтүшкөн.

«Күнөөлөнүп жаткан 1974-жылы туулган А.Т. менен 1988-жылы туулган М.Ж. бүгүнкү күндө эркиндикте жүрүшөт. Аларды кылмыш болгон жылы милиция кызматкерлери Бишкектен кармап келип, бир айга камашкан. Бирок, кайра бошотуп жиберишкен. Ошол кезде Токтогул райондук сотунун төрагасы Бекешов», - деди Самаранын атасынын бир тууганы.

16

Г.Токтогазиева белгилегендей, кайниси аялы Кымбаттын арак ичип, чылым чеккенин билгенден кийин ажырашкан.

«Ошол күнү кызымды күтүп отурдум. Кымбат мага телефон чалып: "Жеңе, кызыңызды бүгүн мен коноктойм деп алып калгам. Анын кулагына курт кирип кеткен экен, ошол жери шишип, азыр ооруканага алып келип, куртун алдырып жатам. Эртең менен үйгө салып жиберем" деди. Кымбат кайнимден кетип жатканда "сенден албаган өчүмдү, үч карындашыңдын биринен алам" деп айтып кеткени эсимде», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле алар күнөөлүүлөрдү кармап, М.Кымбатты мыйзам чегинде жазага тартууну Кара-Көл шаардык сотунан өтүнөт.

Кара-Көл шаардык сотунда кечээ, 17-мартта бул иш каралды. Ага М.Кымбат жана жабырлануучу тарап катышты. Бүгүн, 18-мартта сот өкүм чыгарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×