Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.03.2016 11:32

Фото — Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасына 2 БТР, «КамАЗ» алып чыгып, 40ка жакын чек арачыларын киргизди

Turmush -  Бүгүн, 18-мартта саат 07:40та Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Могол аймагындагы такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында Өзбекстандын чек арачылары 2 БТР жана 2 «КамАз» унаасын алып чыгышты.

Ошондой эле аталган аймакта Өзбекстандын 35-40ка жакын чек арачылары жүрөт, деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Ага байланыштуу бүгүн, 18-мартта саат 08:50дө Могол аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Ошондой эле саат 08:00дө өзбек тарап бир тараптуу чечим менен «Маданият-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктун жапты. Мындан тышкары өзбек тарап «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаалар менен жүргүнчүлөрдүн каттамына чектөө киргизди. Аны менен Кыргызстандын жарандарына Өзбекстандын аймагынан чыгууга уруксат берилип, кирүүгө тыюу салынды.

Үчүнчү өлкөнүн жарандары үчүн «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы транзиттик каттам режим менен иштеп жатат.

Мындай чечимдерден кийин кыргыз тарап «Баймак-унаа жолу», «Кең-Сай-унаа жолу» жана «Кадамжай-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан Өзбекстандын жарандары менен транспортторду өткөрүүгө тыюу салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×