Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.03.2016 17:07

Жалал-Абадда 3 жаштагы баласын бейтааныш адамга калтырып кеткен аял изделүүдө

Turmush -  3 жаштагы Жумагүл Жалал-Абад шаарындагы үй-бүлө тибиндеги «Ак-Бермет» балдар үйүндө убактылуу тарбияланууда. Анын апасы милиция кызматкерлери тарабынан изделип жатат.

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекованын айтымында, кыздын апасы 6 ай мурда бейтааныш адамдан баласын убактылуу карап туруусун өтүнүп, таштап кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Аны 6 ай баккан аял социалдык башкармалыктын балдарды коргоо бөлүмүнө кайрылган. Башкармалык Жумагүлдү көзөмөлгө алып, «Ак-Бермет» балдар үйүнө убактылуу жайгаштырган.

«Кыздын энеси байланышып, ал Нооруз майрамынан кийин келе турганын билдирип жатыптыр. Эгер кыздын энеси табылса сот аны энелик укугунан ажыратуу же кызды энесине кайтарып берүү маселесин карайт», - деди А.Адылбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×