Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.03.2016 15:33

Ош—Жалал-Абад жолундагы ашуудан каза болду делген окуучу кыз зордукталганы айтылууда (фото)

Turmush -  Ош шаарынан Жалал-Абадга бара жаткан унаа жолдо жол транспорт кырсыгынан каза болгону айтылган окуучу кыздын туугандары анын зордукталып өлтүрүлгөнүн айтууда.

Милиция кызматкерлери 11-класстын окуучусу Олжобай кызы Уулкызды авариядан каза болду деген жыйынтык чыгарган. Бирок соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, башына урулган катуу соккудан каза болгон деген корутунду чыгарган.

3

Окуядан кийин каза болгон кыздын курбу кызы жана 2 бала күбө катары суралып, бирок алар чет өлкөгө чыгып кеткенден улам далилдер жетишпей калган. Олжобай кызы Уулкыздын туугандары жалган жалаа жабылган адам камакка алынып, зордуктап өлтүргөн чыныгы кылмышкер эркиндикте жүргөнүн айтып, 2 жылдан бери тиешелүү органдарга кайрылып келет.

Уулкыздын атасы Олжобай Атаевдин айтымында, 2014-жылдын 19-майында Уулкыз Айдана аттуу курбусу менен белгисиз себептен улам Оштон Жалал-Абадга жөнөгөн. Ал мурда кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн жигити Н. менен урушуп кеткендиктен кызды ошол зордуктап өлтүрүшү мүмкүн деген жоромолдор бар.

2

«Менин кызым 19-май күнү Айдана аттуу курбу кызы менен Жалал-Абадга жөнөгөн. Кызым Н. аттуу бала менен мурун сүйлөшүп жүрүп, бирок уруша кетишкен. Ал кызыма тынчтык бербей жүргөн.

Окуя болгон күнү кызымдын артынан кууп жетип, Өзгөн менен Жалал-Абаддын ортосундагы ашуудан өзүнүн унаасына күч менен салып кеткен. Андан кийин кызымды талаага алып барып зордуктаган. Кызымдын мойнунда жана жамбашында манжалардын издери калган. Анын зордукталганына далилдер жетиштүү. Зордуктап, күч менен өлтүргөндөн кийин аварияны атайын уюштурган», - деди ал.

1

Уулкандын өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыгында 3 метр жерден кулаган мотоциклдин айдоочусу айыпталып, милиция аны күнөлүү деп тапкан. Кийин мотоциклдин айдоочусу Лиля Валов Россияга качып кетип, жашынып жүргөн жеринен кармалып келген. Шектүү катары кармалган Лиля кызды башка адамдар сабап өлтүргөнүн, зордукталганын айтып берген.

Учурда Лиля шектүү катары камакта отурат. Бирок Уулкыздын ата-энеси кызын зордуктаган адам эркиндикте жүрүп, бейкүнөө адам соттолуп жатканын белгилөөдө.

Уулкыз Олжобай кызынын өлүмү боюнча Кара-Суу райондук сотунда 5 жолу отурум өтүп, өкүм чыгарыла элек. 

«Кызымдын денесинде авариядан каза болгонун аныктаган тактар жок. Зордукталганы боюнча бардык далилдер турат. Ошол учурда мотоцикл менен кырсыкка учураган орус тектүү Лиля тескерисинче кызыма жардам берүүгө аракет кылган.

Кызымды унаасы менен алып кеткен адам Лиляны коркутуп, кылмышты мойнуна алууга мажбурлап, акчанын күчү менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу аракетин көрүп жатат», - деди О.Атаев.

17 жашында көз жумган Уулкыз 5 бир туугандын эң кичүүсү болгон.

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×