Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.03.2016 11:34

Айыл турмушу: Т.Сатылганова күнүнө 30 чакырым жолду жөө басып, Аксыдагы мектепте 23 жыл мугалим болуп иштеди (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кичи-Акжол айылынын 66 жаштагы тургуну Токтокан Сатылганова жайлоодон мектепке чейин 30 чакырым жолду басып, 23 жыл мугалим болуп иштеген.

Т.Сатылганова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, акыркы 15 жылдан бери элдик дарыгер катары бейтаптарды дарылайт. 

Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн билим берүү тармагына арнаган Т.Сатылганова 18 жыл Таш-Көмүр шаарынын №3 орто мектебинде иштеген. Андан соң Кичи-Акжол айылына көчүп келип, Матен Сыдыков атындагы орто мектепте 23 жыл математика сабагынан мугалим болуп эмгектенди.

«Кичи-Акжолго 1993-жылы көчүп келгенден кийин жайлоого чыгып, мал-жандык карап жүрдүм. Ошол кезде мектеп менен жайлоодогу үйүмдүн ортосу 15 чакырым болчу. Күнүгө 15 чакырым жолду жөө басып мектепке барчумун. Жол алыс деп эринген жокмун. Анткени жөө баскан ден соолукка абдан пайдалуу», - дейт ал.

Анын айтымында, атасы тубаса сыныкчы болгон. Кара курт, жылан чаккандарды уусунан арылтып, айыктырчу.

«Бир туугандарым каза болду. Атамдын табигат берген тубаса касиети мага гана өттү. 15 жылдан бери ооруларды айыктырам. Денедеги сынган жерлерди, грыжаны, ашказан, боор ооруларын дарылайм», - деди ал.

Ошондой эле мал чарбачылыгы менен алектенет.

«Дарыгерчиликтен тышкары мал чарбачылык менен алектенем. 50гө жакын мал-жандыгым бар. 10го жакын уй саайм. Күнүнө 5 чакырым жөө басам. Көбүнчө диета кармап, сүт азыктары менен тамактанам», - дейт ал.

Анын жалгыз кызы жана 4 жээни бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×