Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.03.2016 17:52

Жайыттагы 3 баш малды унаага жүктөп, уурдап кеткен Сузактын тургуну кармалды (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында жайытта жүргөн 3 баш малды уурдоого шектүү адам кармалды, деп билдиришти ОИИБден.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-февралында жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Бул окуя боюнча кылмыш иштери козголуп, ыкчам маалыматтардын негизинде кылмышка шектүү делип Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын 1985-жылы туулган тургуну кармалган.

Тергөө учурунда кармалган жаран мурда соттолгондугу жана эч жерде иштебегендиги аныкталган. Ал өзүнүн «Хонда степвагон» унаасы менен жайытка барып, малды жүктөп жашыруун түрдө алып кеткен.

Уурдалган малдарды Жалал-Абад шаарынын чет жакаларындагы жаңы салынган, бүтө элек үйдүн короосуна алып барып камап койгон.

Табылган мал өз ээлерине кайтарылган.

126

123

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×