Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.03.2016 08:49

Жалал-Абадда таза суу маселесин чечмейинче жугуштуу ооруларды токтотуу кыйын, - министр

Turmush -  Жалал-Абадда жугуштуу ооруларга байланышкан көйгөйлөр курч бойдон калууда. Ош шаарында кечээ, 15-мартта өткөн Жогорку Кеңештин көчмө жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, өткөн жылы өлкөдө жугуштуу оорулардын түрү азайганы менен Жалал-Абадда жылыш болгон эмес.

«Өткөн жылы жугуштуу оорулардын 17 түрү азайды. Бирок ботулизм, кутурма, сарык оруусунун А түрү көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад облусунда катталган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Майлуу-Суу шаарында таза суу жоктугунан саркынды сууну пайдаланышат. Ал жерде таза суу маселесин чечмейинче жугуштуу ооруларды токтотуу кыйын.

Өткөн жылы өлкөдө 15 миңден ашык адам жугуштуу ооруга кабылса, анын 40%ы Жалал-Абад облусунда катталган. 

Ботулизм боюнча Баткенде 16 учур катталып, 20 адам жабыркаган. Ош облусу боюнча 3 учур катталып, 5 адам жабыркап, 1 учур өлүм менен коштолгон. Жалал-Абад облусу боюнча 16 учур катталып, 1 адам каза болду», - деди министр.

Министр Алай районунун Кош-Дөбө айылында 120 окуучу эхинококкоз оорусун жуктурганы тууралуу маалымат берди.

«Өткөн жылы Кош-Төбө айылында 120 окуучу эхинококкоз оорусун жугузуп алганы аныкталган. Алар ооруну малдан жугузган. Бирок ал билинбей жүрүп, кийин аныкталды. Азыр көп оорулар малдардан жугуп жатат. Ошондуктан малдын этин пайдаланууда элдерге туура маалыматтарды жеткирүү керек», - деп белгиледи Т.Батыралиев.

Асан Мансуров Оштогу драм театрды менчигиндей пайдаланып жатат, - депутаттар (видео)

ЖМК аркылуу жумушка чакырган жарыялар менен кулчулукка сатылган фактылар бар, - ЖК депутаты

Ошто бир жыл ичинде 8 өспүрүм кыз никеге мажбурланган, - облустун прокурору

Депутаттар Оштогу көчмө жыйында Жогорку соттун төрайымы баштаган бир катар кызматкерлерди сынга алды (видео)

Бир жылда жашы жете элек 1 миңге жакын кыз төрөсө, 170 кыз боюнан алдырган, - вице-премьер Г.Кудайбердиева

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×