Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2016 16:22

Жалал-Абаддын 2016-жылдагы бюджети 325 млн сом өлчөмүндө бекитилди

Turmush -  Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги отурумунда шаардын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча маселе каралды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жыйында шаардык кеңештин бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Батыржан Нурумбетов быйылкы жылдын бюджети 325 млн сом өлчөмүндө бекитилгенин билдирди.

Шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Раматиллаев жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашасы боюнча депутаттарга кеңири маалымат берди.

«Быйылкы жылдын бюджетинен мамлекеттик башкарууга 29 млн 262,8 миң сом же 9% бөлүндү. Коргонууга 2 млн 200,5 миң сом же 0,7%, экономикалык маселелерге – 58 млн 692,5 миң сом же 18,1%, турак жай жана чарба бөлүмүнө 134 млн 680,2 миң сом (41,4%), маданиятка – 16010,7 миң сом (4,9%), билим берүүгө – 68 млн 716,2 миң сом (21,1 %), социалдык камсыздоого – 15437,1 миң сом (4,7%) бөлүндү. Жалпысынан быйылкы жылдын бюджети 325 млн сом өлчөмүндө бекитилди», - деди А.Раматиллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×