Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 15.03.2016 12:38

Аксыда 225 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Turmush -  Аксыда 225 орундуу Жакып Султанов атындагы мектептин имаратынын курулушу башталды, деп билдирет Turmush басылмасын аймактык кабарчысы. Айыл тургундарынын маалыматына караганда, мектеп салына турган аймак мурда мазар болгон.

Мектептин курулуш иштерине республикалык бюджеттен 44 млн сом бөлүнгөн. Имаратта 12 класстык бөлмө, чогулуш залы болот. Андан сырткары спорт зал курулат. Курулуштун башталышы менен 30 жумушчу орун түзүлдү.

Буга чейин мектептин эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. ӨКМ 2011-жылы эски мектеп колдонууга жараксыз, окуу иштерин улантууга мүмкүн эмес деген тыянак чыгарган. Бирок азыркы күнгө чейин кулап калуу коркунучунда турган мектепте билим берүү процесси жүрүп келет.

Учурда эски мектепте 321 балага 27 мугалим билим берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×