Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2016 12:14

Жалал-Абадда өткөн каратэ, кунг-фу боюнча мелдеште 9 жаштагы окуучу 1-орунга ээ болду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда өткөн каратэ жана кунг-фу боюнча облустук мелдеште 9 жаштагы Жумакайыр Абдималиков 1-орунга ээ болду. Ж.Абдималиков Жалал-Абад шаарындагы №4 гимназия-мектептин 2-классында окуйт. Ал мелдеште 30 кг салмак даражасы боюнча атаандаштарын жеңип, медаль менен сыйланды.

Жумакайыр спорттун бул эки түрү боюнча 2 жылдан бери машыгат. Машыгууну облустук билим берүү кызматкерлеринин методикалык борборунун алдында уюштурулган спорт клубунда өткөрөт. Анын айтымында, спорт клубда Жалал-Абад шаарындагы мектептердин 2-класстарынын 30 окуучусу тарбияланууда. Орус класста билим алып жаткан Жумакайыр сабактарын жакшы өздөштүрөт. Келечекте каратэ жана кунг-фу спорту боюнча дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×