Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абадда 52 жаштагы М.Акматованын жүрөгүнө 13 мүнөттө татаал операция жасалды (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда ушул жылдын 10-мартында 13 мүнөттө жүрөккө татаал операция жасалып, өлкө боюнча рекорд коюлган.

2

«Дүйнөлүк практикада мындай операциялар орточо эсеп менен 30-60 мүнөттө жасалат. Жүрөктүн токтотулушунун узактыгы бир гана оорунун кыйындыгынан эмес, хирургиялык бригаданын профессионалдуулугунан да көз каранды», - деп билдиришти борбордон.

43

Жүрөгүнө операция жасалган 52 жаштагы Манзура Акматова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда анын абалы жакшы.

Бейтаптын айтымында, ал 2011-жылы жүрөгү ооруй турганын билген. Андан бери ар 6 айда дарыланып жүргөн. Быйыл операция жасатууга макулдугун берген.

«Операция десе эле коркуп жүрө бергем. Азыр мурункудай кыйналбай калдым. Жеңилдей түштүм, абалым жакшы», - дейт М.Акматова.

Ал Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылынын тургуну, 7 баланын энеси.

44

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун мүдүрүнүн орун басары Венера Орунбаеванын айтымында, 13 мүнөттө Манзура Акматованын жүрөгүнө татаал операция жасалды. Башкача айтканда, бир клапаны алмаштырылып, жасалма клапан коюлду. Бир клапаны жана жүрөк ичинде уюп калган кан тазаланды.

«Жүрөктө 6-7 сантиметр кан уюп калган экен, аны алышты. Операция учурунда жүрөк токтотулат. Жүрөк канчалык аз убакытка токтотулса, бейтапка ошончолук жеңил болот. Бул кадам өлкө үчүн эң жакшы көрүнүш болду деп эсептейбиз», - дейт В.Орунбаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1800
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×