Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 15.03.2016 10:19

Айыл турмушу: Ала-букалык ишкер 8 техникасы менен жардамга муктаж айылдаштарынын жерин акысыз айдап берет (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Айры-Там айылынын тургуну Эмилбек Куралов 4 жылдан бери айыл чарба техникалары менен жергиликтүүлөргө кызмат кылууда.

Э.Куралов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда ал 8 техниканы иштетип, 8 адамды иш менен камсыз кылууда.

«2011-жылы атайын техникаларды айылга алып келе баштагам. Ал техникалар учурда элге кызмат кылууда. Жайы-кышы дебей техникалар тынымсыз иштейт», - дейт Э.Куралов.

Ал белгилегендей, 1-Май айыл аймагынын борборунда жайгашкан Айры-Там айылында буга чейин айыл чарба техникалары жетишсиз болуп келген.

«Учурда 2 чөп таңгыч, 2 чөп майдалоочу техника, 2 трактор, беде оруучу 2 техника иштеп жатат. Андан сырткары, кышкысын суу ташуучу унааны иштетебиз. Жазында техникалар айылдагы айдоо иштерине киришет. Атайын айыл чарба кооперативин да түзүп алганбыз. Анда 8 адам иштейт. Аларга айлык акы төлөп беребиз», - деди ишкер.

Бир айыл өкмөттөгү элдин жерин айдап, түшүмүн жыйноого жардам берген кооператив учурда жаңы техникаларды алып келүүнүн аракетин көрүүдө. Быйылкы жылы буудай жыйноочу комбайн алып келүүнү пландоодо. Жеке ишкер айылда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жерин акысыз айдап, аны күзүндө жыйноого да жардам көрсөтүп келет.

«1-Май айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундардын айыл чарба иштерине жардам берип келе жатабыз. Айылда жакыр жашаган үй-бүлөлөр кайрылса алардын жерин акысыз айдап берип, күздө аны бекер жыйнап беребиз. Карапайым элди жакырчылыктан чыгаруу максатында жардам беребиз», - деп белгиледи ишкер.

Ал учурда айылдагы эски техникаларды чогултуп, коллекция кылууну пландап жатат.

Э.Куралов 41 жашта. 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×