Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.03.2016 16:11

Базар-Коргондо 7 жаштагы кызды сабап өлтүргөн таежеси 3 жылга эркинен ажыратылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы 7 жаштагы Тахмина Кенжебаеванын өлүмү боюнча анын 46 жаштагы таежеси 3 жылга эркинен ажыратылды.

32

Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, эркинен ажыратылган атуул 2015-жылдын сентябрь айында бир тууган эжесинин 7 жаштагы кызын Карача айылындагы №8 мектепке 1-класска киргизип, өзүнүн балдары менен тарбиялап жүргөн.

2015-жылдын 7-декабрында таежеси мас абалдагы күйөөсүнө өчөшүп, ачуусунан улам бөлмөдөгү жыгач таяк менен Тахминаны башына, бутуна, колуна бир нече жолу уруп, сабаган. 8-декабрда өспүрүм кыз мектепке бара жатып, таежесинин таягынан алган жаракатынан улам көчөдө эсин жоготкон. Ошол замат ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон.

«Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 29-февралындагы өкүмү менен шектүүЫ.И. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү («Байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү») менен күнөөлүү деп табылып, КРнын КЖКнин 56-беренесинин 1-бөлүмүн колдонуу менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазаны эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдардын абагында өтөөсү белгиленген. Учурда бул өкүмгө нааразы тарап апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылууда. Облустук соттун соттук коллегиясы бул ишти караган соң, өзүнүн юридикалык баасын берет», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Базар-Коргон районунда 7 жаштагы Тахмина Кенжебаева таежесинин ур-токмогунан каза болгондугу маалымдалган.

Окуучунун өлүмүнө шектүү катары 3 айдан бери кызды убактылуу багып жаткан таежеси кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, Тахмина төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу. Андан улуу эки бир тууганы Ноокен районуна караштуу Насирдин Исанов атындагы орто мектепте билим алышат. Ал эми Тахмина Базар-Коргон районуна караштуу Карача орто мектебинде 1-класста окуп жаткан. Мектепке медициналык кароодон толук өткөндүгү тууралуу медициналык тактамасы жок, бирок эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу №063 формасындагы тактамасы менен гана киргизилген.

Тахминанын атасы Каныбек Бейшеевдин айтымында, кызы өздөрүнүн кароосунда болуп, Россияда чоңойгон. Кызы 7 жашка толгондон кийин мектептен окутуу үчүн жубайы  шектүүнүн (эжеси) үйүнө убактылуу калтырып кеткен.

«Кызым кичинесинен эле оорулуу болуп чоңойуп, 3 жашка чыкканда араң баскан. Биз анын жүрөгү кемтик экенин, боору ооруганын Россияда жеке менчик ооруканаларга көрсөтүп билгенбиз. Жүрөгү кемтик экенин жакында эле билгенбиз. Боорунун ооруганы чоң энесинин боору ооруганынан болсо керек. Жакын туугандар чоң энесин тартып калыптыр дешчү. Боорунун эзилгенин дагы билчүбүз. Оорулуу болгондуктан биз аны өзүбүз менен кошо алып жүрүп, мектепке чейинки даярдоочу класска да ден соолугуна байланыштуу жөнөткөн эмеспиз.

Кызым туугандарыбыздын өзү теңдүү кыздарына атаандашып, «мектепке барам, окуйм» дей бергенинен жубайым сентябрда алып келип, таежеме таштаган.
2013-жылдан бери жубайым экөөбүз Тахминаны, андан кийинки балабызды кошо алып жүргөнбүз. Кармалган жаран жубайыма жана мага дагы таеже болот», - дейт каза болгон кыздын атасы.

Ал эми Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Нурбек Жоробековдун айтымында, Ноокенде же Базар-Коргон районунда жети жаштагы кыздын жүрөк кемтиги менен ооругандыгы тууралуу маалымат катталган эмес.

«Ата-энеси Россияда жеке менчик ооруканага көрсөтүшкөндө кызында жүрөк кемтиги бар экенин айтышканын, бирок анализи тууралуу маалыматтарды жоготуп жиберишкенин билдирүүдө», - деп билдирди ал.

Карача орто мектебинин соцадиси Жаныш Маматкуловдун айтымында, Тахминаны таежеси быйылкы жылдын 2-сентябрында мектепке ээрчитип келген. 6-октябрда туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу гана медициналык тактаманы тапшырган.

«063 формасы гана толтурулуп тапшырылган. Жүрөк кемтиги менен ооруй турганын биз билген эмеспиз. Денесинде көгөргөн белгилер байкалган эмес. Башка балдардын катарында эле сабакка жетишип окуп жаткан», - деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×