Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 14.03.2016 15:42

Ала-Букада «ЭкоИсламикБанктын» аманат кассасын тоноого аракет жасалды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын аманат кассасын тоноого аракет жасалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.

А 1

Маалыматка ылайык, 12-марттан 13-мартка караган түнү банкты карактоо максатында имараттын чатырынан белгисиз адамдар кирген. Бирок, ал жерде акча сакталбагандыктан кайра чыгып кетишкен. Бул боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тоноочулукка шектүү жарандар кармала электигине байланыштуу РИИБдин кызматкерлери кенен маалымат берүүдөн баш тартышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×