Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.03.2016 11:02

Кыргызстанда жер титиреди

Turmush -  Кыргызстандын аймагында кечээ, 11-мартта саат 22:08де очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркасында, Тар-Алча айылынан түндүк-чыгышка 15 чакырымда, Карл Маркс айылынан батышка 25 чакырымда, Көк-Жаңгак айылынан түндүк-чыгышка 40 чакырымда, Арсланбап айылынан чыгышка 53 чакырымда, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка 67 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×