Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.03.2016 10:32

Айыл турмушу: Сузактын Арал айылында 10 жумуш ордун түзгөн мал союучу жайда жыл башынан бери 200 баш мал союлду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу Рустам Атажанов мал союучу жайды иштетүү менен 10 адамды туруктуу жумуш менен камсыздады. Калк мал союучу жайга муктаж болуп турган чакта бул жерди ачтык, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, мал союучу жай «Исмаилжан ажы ата» деп аталып, ар бир малды соёр алдында Куран окулат. Мындан тышкары союлуучу мал мал догдурдун көзөмөлүнөн өтөт.

«Эл малды өз алдынча сойбостон, мал союучу жайларда сойдурса жакшы болмок. Муну мен өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн айтып жаткан жокмун. Сойгон мал-жандыктын саламаттыгы аныкталып, элдин ден соолугуна кооптуу абал жаралмак эмес. Менин балдарым көп жылдардан бери эт сатып иштейт. Мындан улам алар бул жайды ачуу демилгесин көтөрдү. Бул үчүн өзүбүздүн каражаттан тышкары мамлекеттик жеңилдетилген насыядан 800 миң сом каражат алдык. Иш башталгандан бери 200 баш ири мүйүздүү мал союлду. Мал союу акысы 100 сом», - деди Р.Атажанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×