Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 12.03.2016 08:29

Жалал-абаддык дыйкандардын 30 тонна жер семирткичин уурдап бараткан жаран кармалды

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун аймагынан 10-мартта саат 18:00 чамасында токтотулган унаадан уурдалып бараткан 30 тонна жер семирткич алынды. Жалал-Абад облусунан чыгарылып бараткан жер семирткичти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери кармашты, деп маалымдады өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Берилген маалыматка ылайык, Сузак районундагы Сузак айыл аймагынын 46 жаштагы тургуну Икрам Нажимидинов 30 тонна аммиак селитрасын карызын төлөө үчүн Өзгөнгө алып бараткандыгын мойнуна алган.

«Жалал-Абад облусуна Өзбекстан менен түзүлгөн атайын келишимдин негизинде арзан баада 40 миң 200 килограмм аммиак селитрасы менен карбамид сатылып алынган. Анын алгачкы партиясы Жалал-Абад облусуна темир жол аркылуу жеткирилип, Жалал-Абад шаарындагы «Азрет аюб» ишканасынын кампасына түшүрүлгөн. Аны район-шаарлардын дыйкандары менен фермерлерине максаттуу сатуу милдети материалдык резервдер мамлекеттик ишканасынын облустагы өкүлүнө милдеттендирилген. Өзбекстандан сатылып келген аммиак селитрасынын 1 килограммын 16 сом 60 тыйындан, ал эми 1 кг карбамидди 18 сом 80 тыйындан сатуу бекитилген.

Учурда Өзгөн районунун аймагынан кармалган Жалал-Абад облусуна таандык 30 тонна жер семирткич боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын өкүлү Максат Матаев кармалган унаадагы жер семирткич Өзгөн районуна сатуу максатында алынып бараткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×