Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.03.2016 14:59

Айыл турмушу: Сузактык фермер бодо малдын 3 породасын багып, күнүнө 50 литрден сүт алат (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Үлгү айылындагы фермер Кахар Эшкозуев «Бакыт» фермердик чарбасын жетектеп келет.

К.Эшкозуев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 20 жылдан бери бодо мал багат.

Алгач 20 баш мал, 4 торпок багып баштаса, учурда фермадагы бодо малдын саны 135ке жетти. Негизинен эт, сүт багытындагы «ала-тоо», «швид» породасындагы уйларды багууда. Быйыл атайын эт багытындагы «абердин ангус» породасындагы бодо малды кошту.

Ал ЮСАИД уюмунун эсебинен «абердин ангус» породасындагы 10 бодо мал, 1 жашка чыга элек торпокторду жана «МТЗ-82» үлгүсүндөгү техниканы 12 жылга үстөгү жок насыяга алган.

«Бул бодо мал биздин шартыбызга көнгүчө 1-2 жыл кыйналышты. Былтыркы жылдан тартып жакшы сүт берип баштады. Бирок, сааган сүтүбүздү сата албай кыйналып жатабыз. Себеби, бизде сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жок. Кышкысын жакшы сатылат. Апрель айынан тарта сүттү сата албай кыйналып баштайбыз. Ошондуктан малды жайлоого жиберүүгө аракет жасайбыз», - дейт фермер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×