Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.03.2016 15:48

Айыл турмушу: Ала-букалык ишкер өзүнүн кичи цехинде күнүнө 50 м² аянтка жете турган брусчатка чыгарат (фото)

Turmush -  Ала-Букада жашаган ишкер Ибрагим Базарбаев 2 жыл мурун жерге төшөлүүчү брусчатка чыгаруучу кичи цех ачып, 3 кишини жумуш менен камсыздап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Анын цехинде брусчатканын 8 түрү чыгарылат. Алардын түстөрү да ар кандай. Базарбаевдин айтымында, күнүнө орто эсеп менен 50 м² (м² — метр квадрат) аянтка жетүүчү продукция өндүрөт. Анын 1 м² баасы сапатына жараша 300 сомдон 700 сомго чейин сатылат.

Ишкердин айтымында, жаздын келиши менен буюртмалар көп түшүп жатат.

«Биздин цех райондогу мекеме-ишканалардан жана жеке жарандардан түшкөн буюртмаларды өз убагында аткарууга камынып жатабыз. Кардарларды тартуу үчүн сапаттуу продукцияларды арзан баада сатабыз», - деди ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×