Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.03.2016 14:36

Айыл турмушу: Токтогулдук кондитер Д.Ибраимова нандын түрүн саткан дүкөн ачууну пландоодо (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын борбордук базарында 13 жылдан бери соода кылган Динара Ибраимова күнүнө 3 миң сом киреше табат.

Д.Ибраимова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал мындан 5 жыл мурун кондитердик азыктарды жасап, сатып баштаган. Учурда базардын ичинен орун даярдап, 2 кызматкер алып, аларга күнүнө 300 сом эмгек акы төлөп берүүдө.

Күнүнө кардарлар үчүн самса, кекс, лакомка, хошан жана лагман үчүн камыр даярдашат. Даярдаган азыктарын буюртма бергендерге өздөрү жеткирип беришет.

«Бул жерде тез тамактануучу жайлар көп ачылган. Бирок бизге буюртма бергендер көп. Ушул иш менен үй-бүлөмдү багып жатам. 2 кызымды турмушка узаттым. Балдарымды жогорку окуу жайдан окутайын деп жатам», - дейт Д.Ибраимова.

Ал Бишкек шаарындагы №10 кесиптик окуу жайда кондитер азыктарын даярдоо боюнча билим алган. Келечекте нандын түрүн саткан дүкөн ачууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×