Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.03.2016 12:15

Айыл турмушу: 36 жаштагы ала-букалык О.Базарбаев 4 гектар таштак жерди киреше алып келүүчү булакка айлантты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылынын 36 жаштагы тургуну Осмон Базарбаев 16 жылдан бери бак-дарак өстүрүү менен алектенет.

О.Базарбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 4 гектардан ашык жерге 8ден ашык дарактын түрүн өстүрөт. Ал ташка толгон жерди атайын техниканын жардамы менен тегиздеп, 3 жылдын ичинде бак-дарак өсүүчү жерге айланткан. Учурда сугат суунун тартыштыгы дыйканга түйшүк жаратып келет.

«2000-жылы 4,5 гектар жерди атайын техникалар менен тегиздетип, бак-дарак отургуза баштагам. Ал жер таштак жана тегиз эмес болчу. Иштетилбей жаткан жерди сатып алып, таштардан тазаладым. Андан кийин бак-дарак тиктим. Кийин айланасын тосууга да жетиштим. Эми акырындан түшүм ала баштадым», - дейт айыл тургуну.

Учурда ал 2 миңден ашык кайналынын, 650 түп гиластын, 3500 түп жүзүмдүн, 300 түп шабдалынын, 85 түп анардын, 60 түп алманын көчөтүн жана 5 миң түп терек өстүрүүдө. О.Базарбаев көчөттөрдү Өзбекстандан алып келген.

«Бактагы мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн Өзбекстандан алып келгем. Багбандар түшүмдү жакшы берген өсүмдүктөрдү өстүрүшү керек. 4 гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылуу кыйынга турат. Сугат суусу жетишсиз болгондуктан бактарды атайын даярдалган мотор менен суу тартып келип сугарам», - дейт багбан.

О.Базарбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тамчылатып сугаруунун жолдорун үйрөтүп берсе деген үмүттө.

«Каналдан аккан сууну мотор менен тартып келем. Өкмөт сугат суу менен камсыз кылууга жардам берсе жакшы болот эле. Быйыл тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүүнү көздөп жатам. Бирок ага көп акча талап кылынгандыктан каражат жетпей жатат. Эгер тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүп алсам, анда түшүм мол болот», - деди О.Базарбаев.

Багбандын айтымында, ал акыркы 3 жылдан бери түшүм алып жатат. 2014-жылы алган түшүмдөрүнөн түшкөн каражат 300 миң сомду түзгөн. 2015-жылы бак-дарактар бүчүр байлаганда үшүк жүрүп, түшүм жакшы болбой калган.

«Быйыл жакшы түшүм алып, жалпы 500-600 миң сомдун тегерегинде пайда алууну пландап жатам», - деди ал.

О.Базарбаев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×